АРХИВНАЯ СЛУЖБА
при Министерстве цифрового развития
Кыргызской Республики

4 1029Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жана Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 353-т тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана саясаты боюнча улуттук комиссия «Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы» аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын аткаруу максатында жазуучунун чыгармаларын даңазалаган маданий, агартуу иш-чаралары Архив кызматынын бардык региондук башкармалыктарында, район жана шаардык мамлекеттик архивдеринде байма- бай өткөрүлүп келүүдө.

Архив кызматынын Талас региондук башкармалыгынын иш планынын негизинде 2023-жылдын 28-ноябрында кыргыз элинин залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Кылым сыймыгы-Чынгыз Айтматов» аттуу салтанаттуу кече болуп өттү. Кече жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгын чагылдырган сүрөт көргөзмө менен ачылды. Архив кызматынын Талас региондук башкармалыгын начальниги Тилек Сейдакматович Киргабаков өз сөзүндө Чынгыз Айтматовдун кыргыз элинин маданиятына, адабиятына, тилине кошкон салымына токтолду. Кечеде архив кызматкерлери тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр чеберчилик менен аткарылып, көркөм окуулар окулуп, жазуучунун чыгармаларынын негизинде жазылган обондуу ырлар аткарылып, комузда күүлөр жаңыртылды.

Ошондой эле, Кыргыз эл жазуучусу ЧыⱧгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына карата Архив кызматынын Чүй региондук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан дагы 2023-жылдын 24-ноябрында «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов» аттуу иш-чара өткүрүлдү. Бул иш чарада улуу жазуучунун белгилүү чыгармаларынан кызматкерлер үзүндүлөрдү аткарышты (анын ичинде “Ак-Кеме” чыгармасы), Манас эпосунан үзүндүлөр айтылды, кыргыз күүлөрү жаңырды, көркөм окуу жана обондуу ырлар угулду. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө видео роликтер көрсөтүлүп, майрамга утурлай арналган кол өнөрчүлүккө болгон чеберчиликтер көрсөтүлдү, Чыңгыз Айтматовдун китептеринен көргөзмө уюштурулду.