2026-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы Нуркыз Алтынбековна Базарбаева видеоконференция байланыш режиминде Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын жамаатына жаңы башчы — Осмонов Абдрахман Куватовичти тааныштырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Нуркыз Алтынбековна Абдрахман Куватовичти дайындоосу менен куттуктап, ага мындан аркы иштерине ийгиликтерди, кесиптик жетишкендиктерди жана регионалдык башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууну каалады.
Өз кезегинде Абдрахман Куватович көрсөтүлгөн ишеним үчүн жетекчиликке ыраазычылык билдирип, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттен аткарууга жана аймактагы архив ишин андан ары өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин белгиледи.
Архив кызматынын Абдрахман Куватовичти Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктайт жана ага чың ден соолук, жемиштүү эмгек менен кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалайт.
