Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Ниже приведены полезные ресурсы для дополнительной информации:

A- A A+

vacantКыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви,

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви жна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивдерине бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

Документтердин тапшыруу тизмеси:

  • өз колу менен жазган арыз;
  • резюме;
  • кадрдык жеке баракча;
  • сүрөт (3х4) 4 даана;
  • паспортунун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
  • билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • өмүр баян;
  • сунуштоолор (эгер болсо)

 Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

2024-жылдын 17-июлунан баштап 26-июлуна чейин,
Саат 08:30 – 17:30

  • Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105, 2-кабат, 26-кабинет
  • Байланыш номери: 62-13-24

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орундар

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орундар

{}

Кызматы

Саны

Милдеттери

Талаптар

1

Суроо-талаптарды аткаруу бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти

1

- Бөлүмдүн жылдык планынын негизинде өзүнүн иши боюнча жеке иш планын, айлык, кварталдык жана жылдык отчетторду түзөт.

- Жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин социалдык-укуктук, тематикалык мүнөздөгү кайрылууларын жана суроо-талаптарын аткарат (архивдин илимий-маалыматтык аппаратын изилдейт, документтерди аныктайт, архивдик маалым каттардын тексттерин түзөт).

- Архивдик документтерди пайдалануу боюнча бардык талаптарды аткарат.

- Өзүнүн квалификациясын жогорулатат, компьютердик сабаттуулукту окуйт, ишмердүүлүк багыты боюнча жана бүтүндөй архив иши боюнча ченемдик-укуктук документтерди өз алдынча изилдейт.

- Ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун, эмгекти коргоону жана башка бардык колдонулуучу тармактык инструкцияларды так сактайт.

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо

2

Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти

1

- Документалдык басылмаларды даярдоого катышат. Документтерди аныктоону жүзөгө ашырат. Алардын илимий баалуулугун аныктайт жана тандоону жүргүзөт. Археографиялык дасалгалоону, документтерге түшүндүрмө жазууну жүзөгө ашырат. Илимий-маалымдама аппаратын жана басылманын макетин даярдайт, текстти оригинал менен салыштырат.

- Тематикалык суроо-талаптарды аткарат.

- Документалдык көргөзмөлөрдү даярдоого катышат.

- Архив документтеринин купуялуулугун алуу боюнча, Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна материалдарды даярдайт.

- Ишмердүүлүк багыты боюнча макалаларды жана маалыматтарды даярдайт.

- Архивдик документтер боюнча документтерди, теле, радиоберүүлөргө берүүгө тандайт.

- Мамлекеттик органдарга жана башка кызыкдар уюмдарга актуалдуу тематика боюнча архивдик документтер жөнүндө маалыматтык каттарды даярдайт.

- Архивдин илимий-маалымдама китепканасында иш жүргүзөт

- Археография жаатындагы мыкты тажрыйбаларды изилдейт, аны бөлүмдүн иш практикасына киргизет.

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо

3

Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн башкы архивисти

1

- Документтерди пайдалануу жана басып чыгаруу бөлүмү жөнүндө, жобонун негизинде документтерди басып чыгаруу боюнча иштерди аткаруучу адистердин тобуна методикалык жетекчиликти жүзөгө ашырат.

- Документалдык басылмаларды даярдоого катышат.

- Документтерди аныктайт, алардын илимий жана практикалык баалуулугун аныктайт, басып чыгаруу үчүн документтерди тандап алат.

- Документтерге рубрикаларды түзөт.

- Жарыялоо үчүн тандалган документтерди археологиялык даярдоону жүргүзөт.

- Документалдык басылмалар үчүн илимий маалымдама материалдарды түзөт.

- Басмага даярдалган документтердин жыйнактарын жана башка документтерди адабий-техникалык редакциялоону жүргүзөт.

- Башка архив мекемелери тарабынан даярдалган документтердин жыйнактарын карайт.

- Археология жаатында лекцияларды, докладдарды, рецензияларды жана макалаларды окуйт.

- Документтердин көргөзмөлөрүн даярдоого катышат.

- Иш чөйрөсүндө отчеттук планды жана башка иш-чаралардын планын түзөт.

- Ички эмгек тартибин, коопсуздук техникасын жана өрткө каршы коопсуздук эрежелерин сактайт.

- Бөлүм башчы жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат.

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо

4

Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн инженер-программисти

1

- Өзүнүн ишин бөлүмүнүн жылдык жана келечектеги иш пландарына, ички эмгек тартибинин эрежелерине ылайык уюштурат.

- Маалыматтар базасынын программасын түзөт жана өркүндөтөт.

- КР БМАнын коллегиалдык органдарынын өздөрүнүн пландык тапшырмаларын, чечимдерин белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылат.

- Өзүнүн квалификациясын жогорулатуу менен алектенет, чет өлкөлүк архив мекемелеринин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнөт, аны иш практикасына киргизүүнү уюштурат.

- Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо

5

Илимий- инновациялык технологиялар бөлүмүнүн инженер-программисти

1

- Өз ишин бөлүмдүн жылдык жана перспективдүү пландарына, ошондой эле КР БМАнын кызматкерлеринин ички эмгек тартибине ылайык уюштурат.

- Программалык камсыздоону түзөт жана өркүндөтөт.

- Маалымат базасын жана программалык камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылат.

- Архивдик документтерди пайдалануу жана жарыялоо боюнча бардык талаптарды аткарат.

- Белгиленген мөөнөттө өзүнүн пландык тапшырмаларынын аткарылышын камсыздайт.

- Өзүнүн квалификациясын жогорулатуу менен алектенет, чет өлкөлүк архив мекемелеринин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнөт, аны иш практикасына киргизүүнү уюштурат.

- Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо

6

Документтердин сакталышын камсыз кылуу жана мамлекеттик эсеп бөлүмүнүн башкы архивисти жана архив сактоочу жайдын башчысы

1; 1

- Иш багыты боюнча перспективдүү жана учурдагы пландарды иштеп чыгат, алар боюнча отчетторду даярдоого катышат. Архив кеңешинин ишине зарылдык боюнча катышат.

- Сактоочу жайларга көзөмөл жүргүзөт.

- Сактоочу жайга келген мамлекеттик документтерге эсеп жүргүзөт.

- Документтердин баалулугуна экспертиза жүргүзөт.

- Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивиндеги ваканттык орундар

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивиндеги ваканттык орундар

Кызматы

Саны

Милдеттери

Талаптар

1

Документтерди камсыздандыруу көчүрмө бөлүмүнүн башкы архивисти

1

- Функционалдык милдеттерине ылайык документтердин сапаттуу санариптик көчүрмөлөрүн түзөт.

- Санариптик көчүрмөнүн атын, пайдалануу фондунун номерин жана түп нусканын архивдик номерине окшош Номерди ыйгарат.

- Санариптештирилген документтердин сапатына көзөмөл жүргүзөт.

- Документтердин электрондук көчүрмөлөрүн санариптик алып жүрүүчүлөргө (CD/DVD) жана тышкы катуу дискке (ADATA 1 Тб) жазат.

- Түзүлгөн электрондук көчүрмөлөрдүн сакталышы жана толук болушу үчүн жоопкерчилик тартат.

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо

2

Топтоо, илимий-маалымдагыч аппараты жана документтерди колдонуу бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти

1

- Функционалдык милдеттерине ылайык документтерди мамлекеттик сактоого тандоо жана кабыл алуу.

- Кинофотодокументтердин жана видео үн жазуулардын баалуулугуна экспертиза жүргүзүү.

- Архивди кинофотодокументтер жана архивдин видео үн жазуулары менен комплекттөө булагы болуп саналган ишканалардын жана мекемелердин фильмофотофоновидеотекинин ишин контролдоо.

- Илимий-маалымдама аппаратын түзүү жана тизмелерди өркүндөтүү боюнча иштерди аткарат.

- Маалымдама-маалыматтык фондду түзүү боюнча иштерди жүргүзөт (материалдарды комплектөө, системалаштыруу, маалымдама-издөө аппаратын түзүү жана жүргүзүү).

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо

3

Топтоо, илимий-маалымдагыч аппараты жана документтерди колдонуу бөлүмүнүн Архив сактоо жайынын башчысы

1

- Функционалдык милдеттерине ылайык архив сактоочу жайдын сактоо режими жана документтерди сакталышын камсыз кылуу, аларды рационалдуу жайгаштыруу үчүн жооп берет.

- Документтерди реставрациялык – профилактикалык иштеп чыгат, архив кызматкерлеринен жана башка уюмдардан документтердин өз убагында кайтарылышын көзөмөлдөйт.

- Комплектөө бөлүмүнөн документтерди тизимдер жана актылар боюнча, техникалык абалынын карточкалары менен мамлекеттик сактоого кабыл алат жана сактоочу жайга жайгаштырат.

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивиндеги ваканттык орундар

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивиндеги ваканттык орундар

Кызматы

Саны

Милдеттери

Талаптар

1

Документтерди топтоо жана мекемелер менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы

1

- Мекемелер менен иштөө боюнча негизги топтоо булактардын жана болжолдуу топтоо булактарынын тизмесин даярдайт.

- Мекемелерге Иш кагаздарын жана күндөлүк архивди өткөрүү боюнча маселелер тууралуу кеңеш берет жана усулдук жардам берет.

- Архивдеги документтердин баалуулугу боюнча баалуулугу төмөн документтерди жок кылуу, өтө баалууларын андан-ары сактоо максатында менчик ээсинин өкүлү менен бирдикте экспертиза жүргүзөт.

- Докуметтерди мамлекттик сактоого даярдоодо, илимий-техникалык жактан иштеп чыгууда практикалык жардам көргөзөт.

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюмдун күндөлүк архивдик документтеринин толукталышын, эсепке алынып жана сакталышын камсыздайт.

- Бөлүмдүн иштерин пландоодо мамлекеттик архивдерде аткарылуучу негизги иштерди түрлөрүн өнүктүрүүдөгү убакыттын типтүү нормаларын колдонот жана ишке киргизет.

- Жылдык, ɵздүк иш пландарын түзөт, отчетторду жана маалыматтарды даярдайт.

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

- архив иши тармагында 2 жылдан кем эмес стаж;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо

Маалыматтык технологиялар борборундагы ваканттык орундар

Маалыматтык технологиялар борборундагы ваканттык орундар

Кызматы

Саны

Милдеттери

Талаптар

1

Программалык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы 

1

- келечектүү жана жылдык пландарды иштеп чыгат, жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо графигин белгилейт, иштин үзгүлтүккө учурашына жол бербөөгө, иш техникаларды натыйжалуу пайдаланууга;

- архив тармагында колдонулуп жаткан программаларды камсыздайт («Архив фонду 5», «Электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы, «Фондулук каталог» ж.б.) коштоого;

- борбордо иштеп жаткан программаларды инженер-программисттер менен коштоону камсыз кылат;

- түзүмдүк бөлүмдөрдө маалыматтык коопсуздук саясатын киргизүүгө жана контролдоого;

- Архив кызматынын ведомстволук сайтын түзүүгө, жаңыртууга жана коштоого;

- жабдуулардын, материалдык баалуулуктардын жана программалык каражаттардын сакталышына;

- бөлүмдүн жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерине маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу чөйрөсүндө консультациялык, методикалык жардам көрсөтөт;

- маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу чөйрөсүндө кызматкерлерге консультативдик, усулдук жардам көрсөтөт;

- усулдук колдонмолорду, нускамаларды иштеп чыгууга, архив документтерин толуктоочу ченемдик жана илимий-усулдук документтерди, маалымдама адабияттарды басып чыгарууга катышат;

- архивдик документтерди санариптештирүү боюнча консультативдик жана усулдук жардам көрсөтүүгө катышат;

- МКТ маселелери боюнча методикалык колдонмолорду, нускамаларды иштеп чыгууга катышат;

- архивдик документтерди санариптештүүрүгө өткөрүү боюнча консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүүгө катышат;-

- кызматкерлердин билимин баалоо боюнча квалификациялык аттестациядан өтүүдө тестирлөөнүн анкетасын даярдоо жана маалыматтар базасын түзүү үчүн жоопкерчиликтүү;

- статистикалык отчеттун жана берилүүчү маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү;

- жабдуулардын, материалдык баалуулуктардын жана программалык каражаттардын сакталышына контроль жүргүзөт;

- документтерди уруксатсыз жок кылгандыгы үчүн жоопкерчиликтүү;

- электр энергиясын үнөмдүү чыгымдоону уюштурууга контроль жүргүзөт;

- жалпы иш-чараларды өткөрүүгө катышат;

- Борбордун башчысынын жана Архив кызматынын жетекчилигинин тапшырмаларын өз убагында аткарат;

- системалык координатор жок болгон учурда анын функционалдык милдеттерин аткарат.

21 жаштан жогору;

жогорку билим;

архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;

Билүүсү керек:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо.

 Башкы бетке кайтуу