Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

СССР Ички иштер эл комиссарлыгы 1941-жылдын 29-мартындагы №723 токтому менен СССРдин мамлекеттик архив фонду жана СССРдин мамлекеттик архивдеринин тармагы жөнүндө жобо бекитилген. Жобонун Кыргыз ССРинин мамлекеттик архивине арналган 12-бөлүмүндө Фрунзе шаарындагы Борбордук мамлекеттик фотофонокинодокументтер архивин түзүү каралган.
Бул токтомго ылайык СССР Ички иштер эл комиссарлыгынын Башкы архивдик башкармалыгы Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссарлыгынын архивдик бөлүмүнүн Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссарлар кеңешинин алдына Фрунзе шаарында Борбордук Мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивин түзүү сунушун киргизди.
Архив 1941-жылы 8-августта Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссарлар кеңешинин “Кыргыз ССР Борбордук Мамлекеттик фотофонокинодокументтер архивин уюштуруу жөнүндө” №746 токтомунун негизинде түзүлгөн.
Бул токтом менен Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссарлар кеңеши Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссарлыгынын Архивдик бөлүмүнө 1941-жылдын 1-августунан тартып Фрунзе шаарында фотофонокинодокументтер архивин түзүүнү милдеттендирди, ошондой эле бардык мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга жана жеке жарандар өзүндө сакталып турган илимий, саясий жана практикалык мааниге ээ фотофонокинодокументтерди 1942-жылдын 1-январына чейин Кыргыз ССР Борбордук мамлекеттик фотофонокинодокументтер архивине кайтарымсыз өткөрүп берүүнү буйрук кылды. Фотофонокинодокументтердин баасын жана аларды мамлекеттик сактоого тапшыруунун тартибин аныктоо Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссарлыгынын архивдик органдарына жүктөлдү.
Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссарлыгынын Архивдик бөлүмүнүн талыкпас эмгегинин жардамы менен Кыргыз ССР Борбордук мамлекеттик фотофонокинодокументтер архиви чындыгында эле 1941-жылдын 1-августунда ишин баштады.
1941-жылдын августунда Кыргыз ССРинин Ички иштер эл комиссарлыгы Кыргыз ССР Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивине токтоосуз түрдө мамлекеттик сактоого өткөрүлүп берилүүчү фотофонокинодокументтерди тандоо ченемдери иштелип чыгып бекитилген.
Мындан тышкары жаңыдан түзүлгөн архивде Кыргыз ССР Ички иштер комиссарлыгынын облустук, шаардык жана райондук архивдеринин жетекчилери үчүн “Коргоо, саясий, илимий жана чарбалык маанидеги фотофонокинодокументтерди тандоо жана топтоо боюнча нускама” иштелип чыккан. Бул нускама түзүлгөн учурдан баштап Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссарлыгынын бардык архивдик органдары республиканын аймагында иштеп жаткан мекемелерге тиешелүү фотодокументтерди текшерүүгө киришкен, ошондой эле жеке жарандардын өздүк архивдери да текшерүүгө алынган (профессионал фотографтар, фотокорреспонденттер жана сүрөт сүйүүчүлөр). Архив уюштурулган учурдан баштап 1941-жылдын 1-февралына карата бардыгы болуп Кыргыз ССР 28 ишкананын архивдерине 55 жакын текшерүү жүргүзүлгөн, муну менен катар Ош, Жалал-Абад, Пржевальск аймактарындагы ишканаларда жана мекемелерде да 10 текшерүү иши болгон.
Кыргыз ССР фотодокументтердин үн жазуу жана кинодокументтеринин үстүндө белгилүү бир үстөмдүк менен шартталган архив алгач өз ишин Кыргыз ССР аймагында, негизинен Фрунзе шаарында иштеп жаткан ар кандай мекемелердеги, уюмдардагы жана ишканалардагы фотодокументтер архивинин абалын изилдөө жана учетко алуу багытында баштаган.
Кыргыз ССР ФФКД БМА алдыдагы иши Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин “Кыргыз ССР фотофонокинодокументтерин сактоо тартиби жөнүндө” №1073 токтомунун 1951-жылдын 26-декабрынан тарта аткарылышына шартталган.
1958-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер кеңеши №139 “Борбордук мамлекеттик фотофонокинодокументтер архивин Борбордук мамлекеттик архиви менен бириктирүү тууралуу” токтомун кабыл алган. Бул токтомдун 1 пунктунда мындай деп айтылган “Борбордук мамлекеттик фотофонокинодокументтер архивин Борбордук мамлекеттик архиви менен бириктирүү жөнүндө Кыргыз ССР Ички иштер министрлигинин сунушу кабыл алынсын”.
Жогорудагы токтомду ишке ашыруу үчүн 1958-жылдын 18-августунда “Кыргыз ССР Борбордук Мамлекеттик архивдеринин биригиши, Кыргыз ССР ИИМнин Архивдик бөлүмдөрүнүн жана документтердин микрофотокөчүрмөсүн алуу, реставрация кылуу устаканасынын штаттарын жарыялоо жөнүндө” Кыргыз ССР ИИМ № 206 буйругу чыккан.
БМ ФФКДА менен БМА биригүүсүнөн кийин кинофотофонодокументтер менен иштөөдө анчалык өзгөрүүлөр болгон эмес. 1959-жылдагы маалыматтарга караганда Кыргыз ССР Борбордук Мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнүн функцияларын иштеп чыгууга, баяндап жазууга жана жарым-жартылай топтоого берилген. Фотодокументтерди реставрациялык-профилактикалык жактан кароо иштери жүргүзүлгөн эмес. Кинодокументтерге милициянын мектебинин короосунда жайгашкан кампага которуудан башка эч кандай иштер жүргүзүлгөн жок. Бул сактоочу жай кинодокументтерди сактоого коюлган талаптарга жооп берген эмес. Кыргыз ССР БМА кинофотофонодокументтер бөлүмү документтердин мындай түрлөрү менен иштөөдө тажрыйбасы жок жаңы кызматчылар менен толукталган. Фотолаборатория архив бөлүмүндө жаңыдан уюштурулган реставрация жана микрофотокөчүрмө лабораториясынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Кинофотофонодокументтерди сактоочу ведомстволор менен иштөө эмнегедир Архив бөлүмүнүн ведомстволук архивдер тобуна өткөрүлүп берилген.
Бул тармактагы көзгө көрүнөрлүк аракеттер 1960-жылдары, тактап айтканда, архив кызматынын бүтүндөй системасы Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин карамагына өткөндө башталган. Белгилей кетсек, дал ошол 1960-жылдан баштап азыркы архивчилер династиясынын ошону менен бирге эле кинодокументтер менен иштегендердин да кайра жаралышы башталган.
1964-жылы Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин чечими менен Кыргыз ССР Борбордук Мамлекеттик архиви үчүн кино сактоочу жай курууга жер тилкеси бөлүнгөн. Москванын “Гипрокинополиграф” долбоордук институтунан тасма сактоочу жайдын типтүү долбоору иштелип чыгып, кабыл алынган.
Сактоодогу документтердин көлөмүнүн көбөйүшүнө жана кинофотофонодокументтердин тарыхый маанисин эске алуу менен жана аларды мындан ары колдонууну, сакталышын камсыздоо максатында 1972-жылдын 16-февралында республиканын өкмөтү Кыргыз ССР Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтердин архивин түзүү боюнча №55 токтомун кабыл алат.
Кыргыз ССР Борбордук мамлекеттик КФФД архивинин пайда болушу жөнүндө кино сактагыч имаратынын пайдаланууга берилиши менен кинофотофонодокументтер менен иштөө сезилерлик жанданды, анткени мунун баары алардын коопсуздугун камсыз кылууга чоң салым болуп, республиканын эң бай мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтерди толуктоо үчүн жана анын документалдык байлыгын толук пайдаланууга документтерди системалуу түрдө кабыл алууну баштоого шарт түзүлдү.
Кыргыз ССР БМ КФФДАтүзүлүшү менен архивдин негизги ченемдик документи- БМ КФФДА жөнүндө жобосу иштелип чыкты жана бекитилди. Ошондой эле бөлүмдөр жана архив кызматкерлеринин функционалдык милдеттери жөнүндө жоболор иштелип чыгып, бекитилди. Архив кызматкерлерин штаттык таблицага ылайык рационалдуу жайгаштыруу боюнча иштер жүргүзүлдү. БМ КФФДА штатына микрофотокөчүрмө жана документалдык материалдарды оңдоп-түздөө лабораториясы киргизилген.
Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болушу менен 1991-жылы республиканын архив кызматында уюштуруу жана өндүрүш ишмердүүлүгүндө чоң өзгөрүүлөр болгон. Кыргыз ССР Министрлер кеңешине караштуу Башкы архив башкармалыгы 1991-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз ССР Министрлер Кабинетинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Башкы архив башкармалыгы болуп кайра түзүлгөн. Андан кийин Президенттин 1992-жылдын 10-февралындагы жарлыгы жана Республика Өкмөтүнүн 1992-жылдын 1-июнундагы токтому менен Башкы архив башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги болуп өзгөртүлгөн.
Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн демократиялоодо республиканын архив кызматкерлеринин эң чоң салымы 1994-жылы 11-январда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду тууралуу” мыйзамынын кабыл алынышы болуп саналат.
Архивдин алдында турган көйгөйлөрдүн баары чечилген жок, бирок ага карабастан, ал заманбап өнүгүү жолуна түштү жана аны архивчилердин жаңы мууну улантат. Журналистика жана маалымат системалары факультети ачылган Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети мамлекеттик архивдер үчүн адистерди даярдоо менен алектенет. Мамлекеттик архив практикалык окуунун негизи болуп калды, бул келечекте аны кесипкөй кадрлар менен толуктоого мүмкүндүк берет.
Азыркы күндө КФФД БМА 19 адам эмгектенет. Анын 15 жогорку билимдүү. Алдыңкы архивчилердин бул тармактагы эмгек стажысы 10-жылдан ашкан. Тажрыйбалуу адистер өздөрүнүн билимдерин жаштарга үйрөтүшөт.
Жылдар өтөт. Архив иштеринин сапаттык жагы өзгөрөт, бирок анын социалдык мааниси жана коом тарабынан суроо-талаптары өзгөрүүсүз калат.

Фонддордун курамы

Архивде 17 миңден ашык кинодокументтер : ак-кара жана түстүү документалдуу фильмдер, ”Советтик Кыргызстан” киножурналдары, атайын чыгарылыштар, көркөм тасмалар бар. Архивде сакталган эң алгачкы тасма 1927-1928-жылдары тартылган. Алар мусулмандардын ыйык Сулайман тоосуна зыярат кылганын, бийик тоолуу аймактардын климатын, кыргыздардын турмуш-тиричилигин, үрп-адатын изилдөө үчүн Памирге экспедиция болгондугу тууралуу айтып беришет. ”Советтик Кыргызстан” киножурналдары Тянь-Шандын жана Суусамырдын чабандарынын иш учурун, Ош жана Ысык-Көл облусттарынын сугат иштерин, Кызыл-Кыянын шахтерлорун, Чоң Чүй каналынын куруучуларын, Фрунзе-Рыбачье темир жолун жазып алып, республиканын маданий турмушун чагылдырган.
Архивдин “алтын фондусун” Д.Эрдмандын “Тоо чокуларынын тургундары”, И.Герштейндин “Тоолорго үч жооп”, Л.Турусбекованын “Күмүш суу”, М.Убукеевдин “Тайгак кечүү”, Т.Океевдин ”Бакайдын жайыты”, Т.Базаровдун “Саманчынын жолу”, А.Видугиристин “Кумдагы сепилдер” жана башкалар түзөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик КФФД архивинин фотофондусунда 80 миңден ашык сактоо бирдиги бар. Негизинен булар 19-кылымдын аягынан бүгүнкү күнгө чейинки тарыхтагы орчундуу окуяларды, жарандык жана Улуу Ата Мекендик согуштардын эң маанилүү эпизоддору пленкадагы жана айнектеги негативдер, ысымдары маданиятыбыздын сыймыгы болгон - С.Каралаев, А.Малдыбаев, С.Кийизбаева, М.Рыскулова, Б.Бейшеналиева, А.Токомбаев, Ч.Айтматов, Т.Турсунбаева, С.Чокморов жана башка инсандарыбыз чагылдырылган.
Өнөр жайынын, айыл чарбасынын, илимдин, билимдин, адабияттын жана искусствонун өнүгүшүн мүнөздөгөн фотодокументтер кеңири көрсөтүлгөн. Сүрөттөр биздин республикабыздын башка мамлекеттер менен болгон саясий байланыштарын даана көрсөтүп турат. Улуттук тарыхтын окуяларын чагылдырган фотоальбомдор да кызыгууну туудурат.
Архивдин үн жазуулары негизинен магниттик лентадагы фонограммаларды жана грампластинкаларды камтыйт. Жалпысынан сактоодо ар кандай иш-чаралардагы радиорепортаждар, баяндамалар, докладдар, сүйлөшүүлөр жана башкалар камтылган жазуулардын 7 миңге жакын сактагыч бирдиги бар.
Документтердин бир кыйла бөлүгүн хроникалык жана документалдык мазмундагы жазуулар түзөт - бул саясий ишмерлердин, коомдук өкүлдөрдүн, көрүнүктүү илимпоздордун, эмгек баатырларынын үнү. Партиялык съезддердин, республиканын жазуучуларынын жана композиторлорунун съезддеринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сессияларынын фонодокументтеринин тобу бар.
Фонддун башка бөлүгүн музыкалык, фольклордук пластинкалар, адабий жана драмалык чыгармалар түзөт. 1903-жылы жасалган 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башындагы жомокчу Кенже-Каранын аткаруусундагы эпикалык баатыр Семетей жөнүндөгү уламыш уникалдуу үн жазуулардын бири болуп саналат.
Республиканын эл жазуучулары К.Баялиновдун, А.Токомбаевдин, Ч.Айтматовдун автордук аткаруусундагы үн жазуулары угуучуларга өзгөчө чоң таасир калтырат.
Мамлекеттик сактоодо видеодокументтердин 1500 ашык бирдиги бар. VHS кассеталарына жана DVD дисктерине жазылган. Алар республиканын өнүгүшүнүн жаңы этабын чагылдырууда тарыхый баалуулукка ээ.
Архивдин негизги милдети документтердин сакталышын камсыз кылуу болуп саналат. Кинофотофонодокументтерди сактоо процессинде, ошондой эле оңдоп-түздөө-профилактикалык иштеринде пландуу түрдө көзөмөлдөө жүргүзүлөт.