Минск шаарында (Беларусь Республикасы) КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекеттик архив кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин 22 - жыйыны жана «Улуттук архив фонддорунун документтеринин сакталышы: тажрыйба жана келечек» эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтүүдө».
Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы Н.А. Базарбаева, Архив кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын начальниги Г.Т. Оморова, ошондой эле Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан Республикаларынын мамлекеттик архив кызматтарынын жетекчилери менен өкүлдөрү катышууда.
9-сентябрда Консультативдик кеңештин XXII жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар КМШ аймагында архив ишин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, тармактын абалын жана 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы маалымат алмашууну, инновациялык технологияларды киргизүү жана санариптик трансформациялоону, кадрларды даярдоо маселелерин, архивдердин китепканалар жана музейлер менен мекеме аралык кызматташуусун, ошондой эле КМШны 2030-жылга чейинки мезгилге экономикалык өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Мындан тышкары, Консультативдик кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү жана кийинки жыйынды өткөрүү орду белгиленди.
Бүгүн, 10-сентябрда Консультативдик кеңештин алкагында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Анда адистер архивдик документтердин сакталышын укуктук, илимий-методикалык жана техникалык жактан камсыздоонун, реставрациялоонун жана санариптештирүүнүн заманбап технологияларын колдонуунун негизги маселелери каралууда.
Маданий программанын алкагында делегациялар Беларусь Республикасынын Юстиция министерлигинин Архивдер жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча департаментине, архивдик көргөзмөлөргө, Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы мамлекеттик музейине барышып, «Минск – баатыр шаар» обелискине гүл коюшту.
{gallery}gallery-pressa/Minsk2026{/gallery}
