Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

result Image 2zfold

Санариптик экономиканын алкагында, архивдик документтерди санариптештирүү шарттарын түзүү жана тарыхый мурастын сакталышын камсыз кылуу максатында, заманбап жабдууларды алынып келүүсү башталды.

.

 Келип түшкөн жабдуулардын ичине:

- эски жана көлөмдүү документтерди аяр санариптештирүү үчүн ири форматтагы А2 жана А3 форматынтагы сканерлер,

- материалдарды иштеп чыгуу үчүн жогорку өндүрүмдүү жеке компьютерлер,

- санариптештирилген архивдик документтерди сактоо жана башкаруу үчүн сервер.

Мындан тышкары, пленкадагы архивдик киноматериалдар үчүн киносканер жана А4 форматындагы китеп сканерлерин алынып келүүсү пландалууда.

Замандын талабына жооп берген жабдуулар менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдерин санариптик форматка өткөрүүнү тездетүүдө, алардын жеткиликтүүлүгүн жана узак мөөнөттүү сакталышын камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат.