Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивиндеги бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 27-ноябрынан баштап 8- декабрына чейин,
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105, 2-кабат, 26-кабинет
- Байланыш номери: 62-13-24
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивиндеги ваканттык орундар
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Илимий маалымат аппарат бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти
1
Архивдик документтерди санариптөө боюнча иштерди аткарат;
Архивдик маалымдамаларды иштеп чыгууга катышат;
ИМА нын автоматташтырылган тутумун түзүүнү жана ишке киргизүү иштерин уюштурат;
Докуметтерди каталогдоо иштерин жүргүзөт;
Архивдик документтерди электрондук база дарегине киргизет;
Архивдик фонддорго кириш сөз түзөт (предисловие);
Архивдик көктөмөлөрдүн тизимдерине илимий маалымдоо аппаратын түзөт;
Документтердин тизимдерин кайра иштеп чыгат жана жакшыртат;
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
2
Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн инженер-программисти
1
- Компьютердик техниканы тейлөөгө байланышкан иштердин бардык түрлөрүн аткарат.
- Сактагычта вирустардын бар-жоктугун системалуу текшерүүнү уюштурат.
- Картридждерди жана көчүрмө машиналарды мезгил-мезгили менен толтурууну уюштурат.
- Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн иштерин жүргүзөт:
- Документтерди тандоо менен жарыялоо иштерин жүргүзөт
- Виртуалдык көргөзмөлөргө документтерди аныктоо боюнча иштерди уюштурат жана даярдайт.
- Документтерди компьютерге басат.
- Белгиленген формада карточкаларды тариздейт.
- Китептердин аталыштары үчүн карточкаларды жасайт.
- Китептердеги маалыматтарды компьютерге киргизет.
- Ал өз ишинде бөлүм башчыга отчет берет, бардык көрсөтмөлөрүн жана архив жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткарат.
- Колдонууда чектелген документтер менен иштөө эрежелерин сактайт.
21 жаштан жогору;
жогорку билим же орто билим;
