Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

2025 08 29 at 164303 122025-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында Бишкек шаардык мамлекеттик архивинин жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чара өлкөнүн архивдик системасын модернизациялоонун жана документалдык мурастарды сактоонун заманбап инфраструктурасын түзүүнүн маанилүү этабы болду.

Имараттын курулушу 2024-жылдын башында республикалык бюджеттин капиталдык салымдар программасынын алкагында башталган. Алты кабаттуу жаңы архив комплекси бардык заманбап талаптарга жооп берет: бул жерде документтерди узак мөөнөттүү сактоого, кызматкерлердин ишине жана электрондук архивди өнүктүрүүгө шарттар түзүлгөн.

Буга чейин Бишкек шаардык мамлекеттик архиви 1958-жылы курулган эски имаратта жайгашып келген, ал учурдагы стандарттарга жооп бербей, тиешелүү жайлардын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп келген.

Жаңы имарат фонддордун ишенимдүү сакталышын камсыздап, жарандар үчүн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана архив ишине санариптик технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата ачылган 101 жаңы социалдык объекттин алкагында өткөрүлдү.Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн форматта катышып, объекттерди ачууга уруксат беришти. Бишкекте өткөн салтанаттуу аземге Бишкек шаарынын мэринин орун басары Кадыров Азамат, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева, ошондой эле Архив кызматынын регионалдык башкармалыктарынын жетекчилери катышты/

Символикалык лента кесүү аземинен кийин катышуучулар жаңы имарат менен таанышты.