Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

vacantКыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы

Нарын региондук башкармалыгынын бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Документтердин тапшыруу тизмеси:

  • өз колу менен жазган арыз;
  • резюме;
  • кадрдык жеке баракча;
  • сүрөт (3х4) 4 даана;
  • паспортунун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
  • билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • өмүр баян;
  • сунуштоолор (эгер болсо)

 Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

2025-жылдын 20-майынан баштап 26-майга чейин,
Саат 08:30 – 17:30

  • Дареги: Нарын шаары, Ө. Кулумбаев көч №27.
  • Байланыш номери: (03522) 57327

 

 

vacantКыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы

Нарын региондук башкармалыгынын бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Документтердин тапшыруу тизмеси:

  • өз колу менен жазган арыз;
  • резюме;
  • кадрдык жеке баракча;
  • сүрөт (3х4) 4 даана;
  • паспортунун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
  • билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • өмүр баян;
  • сунуштоолор (эгер болсо)

 Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

2025-жылдын 20-майынан баштап 26-майга чейин,
Саат 08:30 – 17:30

  • Дареги: Нарын шаары, Ө. Кулумбаев көч №27.
  • Байланыш номери: (03522) 57327

 

 

Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгындагы ваканттык орундар

 

 

Кызматы

Саны

Милдеттери

Талаптар

1

Документтердин сакталышын камсыз кылуу жана эсебин алуу бѳлүмүнүн- башкы архивисти

1

-Архивдик фонддордун илимий-маалыматтык аппараты жана документтери   боюнча иликтөө иштерин аткарат;

-КР Улуттук архив фондусунун (УАФ) документтеринин химиялык, физикалык абалын сактоону камсыз кылат;

-Документтерди мамлекеттик эсепке алуу, илимий маалымдоо аппаратынын (НСА) системасын түзүү жана өркүндөтүү;

-Иш кагаздардын жүргүзүлүшүнө усулдук жетекчилик кылуу жана көзөмөл жүргүзүү;

-Белгилүү даталарга карата иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү;

-Архив кызматкерлеринин иштерине практикалык жана усулдук жардамдарды берүү;

-Архив иштери боюнча уюштурулган семинар, кенешмелерге катышуу;

-Облустун аймагында жайгашкан комплектилөө булактары болгон мекеме, ишканалар, уюмдардын жалпы тизмесин түзгөнгө жардам берет.

-Облустун аймагында жайгашкан мекеме ишканалардын делолордун номеклатурасын иштеп чыгат

-Нарын облусунун аймагындагы ведомстволук мекемелердин кызматкерлеринин иштерине практикалык жана усулдук жардамдарды берүү

-Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгынын ЭТУКнын мүчөсү боло алат

-ЭТУКнын кеңешмесине катышат жана корутунду жазат.

-Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-Мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышуу;

-Командада иштөө.

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

- Архив иш тармагында 1 жылдан кем эмес эмгек стаж;

- Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобону;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелерин.;

2

Документтерди комплектилѳѳ жана ведомстволук архивдердин ишин уюштуруу бѳлүмүнүн- инспектору

1

Мамлекеттик архив кызматкерлери тарабынан ведомстволук архивдердин текшерилишин, текшерилгендиги тууралуу справкалардын эрежеге ылайык түзүлүшүн, көрсөтүлгөн кемчиликтердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана ведомстволук архив мекемелерине илимий-усулдук жардам уюштурууга, алардын ишмердигине жана иш кагаздарын жүргүзүү иштерине жардамдарды көрсөтөт;

Ведомстволук архивдерде сактоодо турган УАФ документтеринин мамлекеттик эсебин алат;

Мекеме, уюм, жана ишканаларда архив иши боюнча мыйзамдардын аткарылышын текшерет;

Архив документтерин жоготуу, бузуу, же мыйзамсыз жок кылуу фактыларын карайт. Жоголгон документ иш-кагаздарды издөө иштерин жүргүзөт жана жыйынтыгын чыгарат;

Текшерилген ведомстволук архивдерге иш кагаздардын абалы тууралуу маалымат жазат;

Текшеруу мезгилинде КР Укук бузуулар кодексинде көрсөтүлгөн укук бузуулар табылса, УАФ документтерин эсепке алуу жана сактоо эрежелерин укук бузууларды кароо жана чара колдонуу тартиби тууралуу жобосуна ылайык укук бузгандыгы жөнүндө протокол түзѳт жана айып салат;

КР УАФ жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгы боюнча административдик кеңешмелерди өткөрүүнү уюштурат;

Административдик жаза катары салынган айыптардын аткарылышына көзөмөл кылат;

УАФ документтеринин мыйзамга ылайык сактоону камсыз кылат жана кеңештерди берет;

Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

Мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышуу;

Командада иштөө.

- 21 жаштан жогору;

- жогорку билим;

- Архив иш тармагында 1 жылдан кем эмес эмгек стаж;

- Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобону;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелерин.;