Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Ниже приведены полезные ресурсы для дополнительной информации:

A- A A+

722200, Кыргыз Республикасы,

Ысык-Көл обл., Каракол ш., Москва көч., №119

Тел.: (03922) 5-36-37, факс: (03922) 5-12-74

e-mail: Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

 

Фонддор боюнча колдонмо Ысык-Көл региондук башкармалыгы

Фонддор боюнча колдонмо Ысык-Көл райондук мамлекеттик архиви

Фонддор боюнча колдонмо Балыкчы раймамархив

Фонддор боюнча колдонмо Жети-Өгγз раймамархив

Фонддор боюнча колдонмо Ак-Суу раймамархив

Фонддор боюнча колдонмо Каракол шаардык мамлекеттик архиви

Фонддор боюнча колдонмо Тγп раймамархив

Фонддор боюнча колдонмо Тоң раймамархив

1926-жылдан баштап Каракол кантондук Аткаруу комитетине караштуу архив бюросу түзүлгөн. 1930-жылы архивчилердин күчү менен 127 фонддон турган 14 522 сактоо бирдиктеги архивдик документтер топтолгон. 1940-1950-жылдары Пржевальск райондук архиви иш алып барган. Административдик-аймактык өзгөрүүлөрдүн негизинде 1939-жылы НКВДнын Архив бөлүмү түзүлүп, 1944-жылы Ысык-Көл облустук мамлекеттик архиви уюшулган. 1960-жылдан баштап Ысык-Көл облусунун жоюлгандыгына байланыштуу облустук архив да жоюлуп, Пржевальск шаардык архиви түзүлгөн.
1965-жылы Пржевальск шаардык, Түп жана Жети-Өгүз райондук архивдеринин базасында Борбордук мамлекеттик архивинин Пржевальскидеги филиалы уюшулган.
1971-жылы Ысык-Көл облусу кайрадан тузүлүп, ушул мезгилден баштап Ысык-Көл облустук Аткаруу комитетинин архив бөлүмү иш жүргүзө баштаган жана Борбордук мамлекеттик архивинин Пржевальскидеги филиалы Ысык-Көл облустук Аткаруу комитетинин архив бөлүмү Архивдер жана документтер башкармасы болуп өзгөртүлгөн. 2006-жылы Архив жана документтер башкармасынын функциясы Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивине жүктөлөт.
Ысык-Көл облусунун район шаарларында 1978-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1977-жылдын 14-июлундагы №277 чечиминин негизинде өздүк курам боюнча ведомстволор аралык биргелешкен архивдер уюшулган. 1994-жылдан баштап райондук, шаардык архивдер деп аталып, туруктуу сакталуучу документтер топтоло баштаган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги №264 токтомунун негизинде райондук, шаардык архивдерге “мамлекеттик архив” деген статус берилген.
Ысык-Көл облусунда облустук, 5 райондук жана 2 шаардык мамлекеттик архивдери бар.
2022-жылдын 8-июлунда №73 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ысык-Көл региондук башкармалыгы деп аталып калды.
Учурда Ысык-Көл облустук архивдеринде 2083 фонддон турган 345338 көктөмөдөн турган, 146250 өздүк курам боюнча документтер сакталууда жана 2500дөн ашуун фотодокументтер бар.

 

Виртуалдык көргөзмөлөр

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата

top module kg1945

 

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата

kkao kg

А. Масалиевдин 90 жылдыгына карата

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата